Интернет желесине Баткенде "жатып кетсеңер болот, үй бар" деп жазып алып түндө жол боюнда турган адамдардын видеосу тарады.
Видеого тартып жаткан адам кадр сыртында: "Кыргыздан айланса болот. Ушундай жамандык-жакшылыкта бири-бирибизди колдой калабыз. Соода түйүндөрдүн алдында дагы үйүмдү берем, келгиле деп турушат, азаматтар", - деп айтып жатканын угууга болот.
Социалдык тармактын колдонуучулары видеону байма-бай бөлүшүп, "ынтымагыбыз бекемдей берсин" деген тилектерин жазып калтырышууда.