Чүйдө убактылуу кармоочу жайдан качкандардын экинчиси эртең менен тоодо жашынып жүргөн жеринен кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда убактылуу кармоочу жайдан эки шектүү качып кеткенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкан. Качкан шектүүлөрдүн экинчиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-май күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, 1995-жылы туулган Тынарбек уулу Миңбай бүгүн, 2-май күнү саат 08:30 чамасында кармалды. Ал Кемин районунда тоодо жашынып жүргөн жеринен кармалган.

"Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле ИИМ бул факты боюнча ички иликтөө иштерин баштады. Учурда шектүүлөр менен кызматкерлер иш алып барышууда", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин 2000-жылы туулган Даниель Камчыбеков Орловка шаарындагы Подгорное айылында жашынып жүргөн жеринен кармалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан