Биз социалдык тармакта

Араванда мектеп окуучуларын кур менен сабады делген мугалим жумуштан бошотулду

Оштун Араван районунда окуучуларын кур менен сабады делген мугалим жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 30-апрель күнү Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 29-апрель күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Араван районунун Алишер Навои атындагы орто мектебинин 8-класстын окуучуларынын класс жетекчиси кур менен уруп жаткан аракети окуучулар тарабынан видеого тартылып, социалдык тармактарга тараган.

Бул факты Араван РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Мугалим тергөөдө мектеп окуучуларынын жүрүм-туруму, мүнөздөрү өзгөрүп, мугалимдерге баш ийбей жүргөндүктөн, ата-энелерге чогулуш кылганын айткан. Ошондой эле окуучулар жүрүм-туруму боюнча айтылган сөзгө маани беришпегендиктен, 29-апрель күнү саат 16:00 чамасында ачуу үстүндө тартипти бузган окуучу балдарды класстын ичинде кур менен бир нече жолу уруп жибергенин билдирген.

Мугалим эжейдин бул аракетине Навои атындагы орто мектебинде мугалимдердин арасында райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин катышуусу менен чогулуш өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында, 30-апрель күнү №10 буйруктун негизинде мугалим жумуш ордунан бошотулган. Бул жагдай боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2021-05-02 11:50:22
Ордуна коюп койгула азыр уруп окута турган мугалимдерди ишке алгыла .
+7
JaneEr
2021-05-02 11:57:24
Каап,оздору баш берпесе мугалим куноолубу?Бизди деле кыз болсок да темир вещелка менен урчу,эчтеке болбодукко.Бул кетиште мугалимдер иштебей койсо,ким окутат анан?Окуучулар чокусун жеп мугалимдерди такыр сыйлабайт.
+6
zam81
2021-05-02 12:29:24
Туура уруш керек таяк жеп эле окуганбыз жашоодо жаман болгон жокпуз бизди билсин деп урушчу экен рахмат агай эжелерге
+3
Gulina90
2021-05-02 14:19:20
Бизди барабандын таягы м-н башка,башка чапчуу,айтып барсак,апабыз кошо чыбык м-н,бутка урат эле,эжекени көргөндө,кирерге тешик таппай калчуу элек.Зато жакшы окудук.Азыркылар башын жегидей тартипсиз коркутуп койгон жакшы ,энеси болушчаактвн баласы ыйлаак кылбай,ордуна келсин мугалим.
+1
Mustafo
2021-05-02 22:45:00
Бизди указка менен эле сабап тарбиялап чоңойткон агай эжекелерибиз , аларга таазим , мындайда тарбия кантип болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан