Баткенге 65 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
"Өкмөттүн алдында Баткенге жардам деген штаб түзүлгөн. Штаб күнү-түнү иштеп жатат. Баткенге 65 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Жүк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коштоосунда жөнөтүлүп жатат. Гуманитардык жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.
Мындан тышкары ал Бишкек шаарында жана Баткен облусунда жабырлануучуларды кабыл алып жаткан бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында дары-дармек, медициналык каражаттар, кан жетиштүү экенин айтты.