Бүгүн, 2-май күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов түз эфирде маалымат берип жатат. Ал алгач сөзүн Баткенде каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтуу менен баштады.
"Баткендеги окуяда жалпы 16 миң 34 адам эвакуацияланды. Ал эми 14 миң 40 адам туугандарынын жана тааныштарынын үйүнө жайгашты. Эвакуацияланган жарандардын көпчүлүгү мектеп, чайканаларга жайгаштырылган", - деди Шамырканов.