Биз социалдык тармакта

Баткен облусу боюнча Кыргыз-Тажик чек арасынын кагылышуусунан жалпы канча имарат жабыркаганы айтылды

29-апрелде башталган Кыргыз-Тажик кагылышуусунан Баткен облусу боюнча жалпы 78 турак үй талкаланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 13 даана атайын техникалар жана 165 кызматкер иштерди жүргүзүүдө. Мындан тышкары 13 "Тез жардам" унаасы 35 кызматкери менен күнү-түнү иштөөдө. Кагылышуудан жалпы облус боюнча 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 Ички иштер министрлигинин имараты, 1 бала бакча, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС жана 8 дүкөн талкаланган", - деди Шамырканов.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 173 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Бүгүн, 2-майга карата Баткенде абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Zhanara82
2021-05-02 13:09:24
Оххоо ага чейин жашырылган экенда факт.Тажикти соток бериш керек Эмомалини
+6
Ale
2021-05-02 13:27:00
Тажикти сотко берип бут баарын толотуш керек
+11
SHaidulda
2021-05-02 13:41:31
Тажик тараптан адам деле олгон эмес имарат деле бузулган эмес го
+8
Mularamov
2021-05-02 13:44:16
Баткен районудагы болсо керек лейлек озунчо эсептелеби
+6
akmanai
2021-05-02 14:05:46
Ушул чырга буйрук бергендер, буйрукту аткаргандар,уйлорду орттогондор,адамдарды атып олтургондор кудай силердин жазанарды берсин! Кан жутуп какшап калгыла! Ушул ишинерге омур бою бармак тиштегидей окунуп откуло. Жаман болбосонор эч жакшы болбогула Коз жашынар кургабай калсын! Эч кимге мындай создорду айткан эмес элем. Жанды кашайттынар айбандар
+8
tihonkg
2021-05-02 15:50:11
урматтуу элим эми тажиктерге дагы жук бензин ото турган болсо самасуд кылып эле озубуз орттоп жок кылайлы бул биздин бети жок бизнесмен депутат ар кайта киргизе берет аларга акча керек бизди уруп ойнобойт баарына айткыла ушундай кылайлы тажиктерди чындап бууйлу баары созсуз жазгыла сос тармактарга
+3
Jaraisyn
2021-05-02 16:03:54
Жакшылык көрбөсүн [moderated]! Биздин бийликке сабак болду, эми алгач эмнени өнүктүрүш керек. Армияны кубаттуу армия кылып түзүш керек, биринчилерден. Ач калсак да согушта жеңилбеш керек, жерди алдырбаш керек. Элибиздин окко учушуна, ар кайсы тоо арасында качып жүрбөш керек. Ишенбеш керек бүгүнүбүз токтоду, бүттү тынчтык келишими деген менен, эртеңкини билбейбиз. Бул согуш али бүтпөйт. Албетте биз эмес, ай өтүп балким жыл өтүп, балким эртең алар дагы чыгат. Эми алдын алыш керек. Тымызын иш жүргү
+3
Kombi
2021-05-02 16:17:05
Армияны башкарып жургондор Отто копупцияланышкан. Армия га келген акча ны текшериш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан