Социалдык тармактарда буга чейин дайынсыз болуп жатканы айтылган баланын "жансыз денеси табылыптыр" деген билдирүү тарады. Бул боюнча Баткен ОИИБи расмий маалымат берди.
"30-апрель күнү Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Байзак жайлоосунан 2016-жылы туулган Аскар уулу Сүймөнкул дайынсыз болуп жоголуп, ошол эле күнү табылган. Мындай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болуңуздар", - дешти мекемден.