Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында май куюучу жай жарылып кеткендеги видео тараган. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, кырсык 1-май күнү болжол менен саат 18:30 (тажик убактысы боюнча) чамасында орун алган.
Жарылуунун кесепетинен 29 адам жабыркап, анын ичинен 5 кишинин абалы өтө оор экенин аталган өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар комитетинен билдиришкен.
Маалыматка ылайык, Дүйшөмбү шаарынын чет жакасындагы станцияда 60 тонна күйүүчү май бар болгон. Жарылуудан май куюучу жайдын 90 чарчы метр аянты күйгөн. Учурда кырсыктын себептери айтыла элек.