
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 14 жаштагы өспүрүм аман-эсен табылды. Маалыматты бүгүн, 2-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Таштак айылынын тургуну 2007-жылы туулган С.Д. аттуу эркек бала үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан. Бүгүн саат 16:40 чамасында туугандары тарабынан аман-эсен табылды.
Буга чейин өспүрүмдүн туугандары куткаруу кызматкерлерине жардам сурап
кайрылышкан. Алар өспүрүмдүн уюлдук телефону каналдын жээгинен табылганын, бала сууга түшүп кетиши мүмкүн дешкен. Издөө иштерине Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук өрт куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери чыгышкан.