Тажиктердин куралдуу кол салуусунан кийин кыйраган Лейлек районунун Максат айылындагы жаңы мектеп калыбына келтирилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Министр күйүп кеткен мектептин сүрөттөрүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жайгаштырып, билдирүү жазды.
"Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан Максат орто мектебибиз. Бул мектепте 200-300гө чейин окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенип келген. Мектепти кайра оңдойбуз. Бул билим уясында билим алуу уланат!
Азыр Баткенге сапар алдым. Жабыркаган мектеп, бала бакча, мугалимдериме, окуучуларыма барам", - деген ал билдирүүсүндө.
Буга чейин Максат айылында курулушу аяктап, иштетүүгө берилген эки кабаттуу мектеп өрттөлгөн. Имараттын сүрөттөрү интернетке
тараган.