"Манчестер Юнайтед" - "Ливерпуль" беттешинин башталышы расмий түрдө белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Англия Премьер Лигасынын алкагындагы "Манчестер Юнайтед" - "Ливерпуль" командаларынын ортосундагы беттеш расмий түрдө белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Чет элдик спорттук басылмалардын маалыматы боюнча, оюндун мөөнөтүнүн жылышы "Манчестер Юнайтеддин" күйөрмандары стадиондун жанында клуб ээлерине каршы нааразычылык акцияларын өткөрүүсү себеп болгон. Ал эми айрым күйөрмандар "Олд Траффорд" футболдук стадионун бузуп киришкен. Мындан улам оюн 1 саат кийинкиге калтырылып, бирок андан узак болушу мүмкүн экендиги кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан