Кечээ, 2-майда футбол боюнча Орусия чемпиондугунун 28-турунда "Зенит" - "Локомотив" беттеши орун алды. Беттеш 6:1 эсебинде "Зениттин" пайдасына чечилип, чемпиондуктун жыйынтыкталарына 2 тур калганда аталган клубга 3-ирет катары менен өлкө чемпиондугун алып келди.
Оюндун жыйынтыгында сыйлык тапшыруу аземи өтүп, команда капитаны Артём Дзюба Кубокту алуу үчүн Дедпулдун образында чыгып, күйөрмандарга маанай тартуулады.
Калган эки турда Санкт-Петербург шаарынын клубу "Уфа" жана "Тамбов" клубдары менен беттешет.