Ажылык учурунда Мекке шаарында кыргызстандык 4 жаран каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын диний башкармалыгынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлү Жунус Саранов билдирди. Анын сөзүнө караганда, көз жумгандардын баары улгайган адамдар жана алардын сөөгү туугандарынын макулдугу менен Сауд Арабиясына коюлду. Каза болгондордун аты-жөнү, өлүмдөрүнүн себептери тууралуу азырынча маалымат түшө элек.