Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, жылдыздуу эстрада ырчысы Салима Балтаева бүгүн, 3- майда 47 жашка толду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.
Ырчы туулган күнүн кайрымдуулук иштери менен алектенип жүрүп тосконун айтты.
"Кечээ Баткенде жаңжалдан жабыркагандар үчүн гуманитардык жардамдарды чогултуп жатканбыз. Кантип түнкү 00:00 болуп кеткенин деле байкабай калдык. Бул жолку туулган күнүмдү ошол жерден тосуп, таңга маалга чейин иштедик. Азыр маанайым абдан жакшы. Чыгармачылыгым боюнча айта кетсем, жаңы ырларды жаздырып койгом. Жакында күбө болуп каласыздар, буюрса", - деди ырчы.
Салима Балтаева 1974-жылы 3-майда Алай районунун Жошолу айылында туулган. Атасы совхоздун бригадири, апасы анын жардамчысы болгон. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси.
"Ата-энем жакшы ырдашчу. Апам кошокту мыкты айтат. А мен бала бакчага барганда эле ырдачумун. Атүгүл ырдаганым үчүн айрымдар акча берип коюшаар эле. Баёо кез да, акча карматып коюшса, "акча берет экен" деп ырчылыкка болгон каалоом ого бетер күч алчу. Мектепке жаңы барганда мугалим бизден "ким баш тамганы билет?" деп сураса, "мен жазганды билем" деп фамилиямды "Балтайева" деп жазганым эсимде. Бизге тамга тааныганды бала бакчадан эле үйрөтүшкөн болчу", - деген ал.
Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында опера жаатында билим алып, андан соң Улуттук консерваторияга тапшырган. 2 жыл опера-балетте, 5 жыл консерваторияда, кайра 2 жыл консерваториянын аспирантурасында болуп, 9 жыл окуган. Кутман Жолдошев, Орозгүл Токторбаева, Майрамбек Осмонов, Чырмаш Төрөбеков менен дуэт ырдаган. 2007-жылдан бери “Достор” тобунда ырдап келет.
Ырчы 29 жашында Мамат аттуу мырзага турмушка чыгып, Сайкал, Сумая жана Сабина аттуу кыздарды тарбиялап келет.
Ырчынын репертуарында "Биздин айыл, "Көктөм эле", "Биз экөөбүз", "Балама" жана башка ырлары бар.
3-майдын жылнаамасы.