Биз социалдык тармакта

"Снайпердин дүрбүсү күнгө чагылышпасын деп үстүн жаап койгон". Адис тажик тарап Максат айылына кандай максатта окоп казганын айтып берди (видео)

Жергиликтүү тургундар Баткен облусунун Максат айылында тажик аскерлери тарабынан казылган окопторду көрсөтүштү. Социалдык тармактарга тараган видеолордо снайпер Надирбек Исмаилахунов окоптордун кандай багытта колдонуларын айтып жатканын көрүүгө болот.

"Окоптор кыргыз тараптан келген чабуулдарды артка кайтаруу үчүн даярдалган. Кыргыз аскерлери чабуул коюшу мүмкүн болгон бардык жактар эске алынган. Бул жерде пулемётчик турган, бул жерде болсо ага ок салынган лентаны алып берип турган жардамчысы отурган. Ал эми үстү жабылган окоп снайпер үчүн даярдалган. Анткени окоптун үстүн жаап койсо снайпердин дүрбүсү күнгө чагылышпайт, демек каршы тарапка көрүнбөйт.

Мүшөктөргө эленген кум салынган. Алыстан атылган снайпердин огу мүшөктөгү кумду тешип өтө албай такалып калат. Мен ушундай окопторду казчумун. Өзүм снайпермин", - деди Исмаилахунов.

Казылган окоптордон суу, нан, самын жана жууркандарды байкоого болот.

Жергиликтүү тургундар Баткен облусунун Максат айылында тажик аскерлери тарабынан казылган окопторду көрсөтүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-03 15:43:40
Министра обороны освободить! Снайпера Надирбека поставить министром!

Пока биздин чимкириктер тажик чычкактарга жалдыраганча, алар окоп казып, блокадага кылып алышты. Вот это тактика войны!
0
KAYRATBEK
2021-05-03 20:09:02
Озубуздун жерге кирип келип окоп казып озубузду аттырып жатсак. Мындан откон шермендечилик жок.
0
shahlet
2021-05-04 01:52:03
Кыргыз айылдарына кирип окоп казгыча каякты карап турушту!?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан