"Банктан 100 миң сом насыя алып качып кеткен". Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 22-апрель күнү Октябрь РИИБине банк кызматкери арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 2-октябрында 7-кичи районунан коммерциялык банктардын биринен башка жаранга тийиштүү документтерди көрсөтүп, 100 миң сом өлчөмүндө насыя алып, качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө, 1982-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турат. Учурда анын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу аныкталууда", - деп билдиришти Октябрь РИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан