Таласта Арал суусуна 2 жашар кыз чөгүп кетти

Талас облусунун Арал суусуна 2 жашар кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-май күнү саат 22:45 чамасында Манас районуна караштуу Кайыңды айыл аймагында 2019-жылы туулган кыз Арал суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жерине маалыматты тактоо максатында саат 23:15те Манас райондук ӨКМдан 3 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иштери саат 03:40та убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес. 2-май күнү туугандары таңкы саат 06:00 чамасында кыздын жансыз денесин тапкандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабарлашкан", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан