Талас облусунда коронавирус күчөп жатканына байланыштуу мектептин бардыгы аралыктан окууга өттү. Маалыматты облустук билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, чечим облус бийлиги тарабынан 29-апрелде кабыл алынган. Окуучулар 11-майга чейин аралыктан окуп турушат. Андан кийин кырдаалга жараша чечим кабыл алынат.
Бүгүнкү күнгө карата 277 кишиден вирус чыгып, үч адам каза тапкан. 202 киши айыгып чыккан.