Биз социалдык тармакта

"Унааны жатып алып айдадым" дейт ок тийгендерге бара жатканда ок атылып оодарылып кеткен "Тез жардамдын" айдоочусу (видео)

Өткөн аптада Тажикстан Кыргыз өлкөсүнүн бир нече айылдарына ок чыгарган учурда "Тез жардам" унаасынын жолдо оодарылып жаткан сүрөтү тараган болчу. Бүгүн, 3-майда бул кырсыкка туш болгон медицина кызматкерлери дале жол боюнда жаткан унаага барышты.

Окуя Баткен районунун Аксай айылынын аймагында болгон. "Тез жардам" унаасы ок тийген жарандарга жардам көрсөтүү үчүн аталган айылга бара жаткан. Бирок жолдон унааны көздөй да ок чыгарылып, анын кесепетинен унаа оодарылып кеткен. Бактыга жараша, унаанын ичинде бара жаткан медицинанын 2 кызматкери аман калышкан.

Алардын бири Аширали Нуркамал уулу буларга токтолду: "Ошол күнү бизге буйрук берилип, Көк-Ташка келип турганбыз, андан кийин Аксайга барыш керек болду. Жолдон аткылап башташты, жолдун баары чаңып кетти, корголоп калалы деп жатканда унаа оодарылып кетти. Биз качып барып бир жерде жашынып турдук, көп өтпөй өзүбүз тараптан унаа келди, унаадан керектүү буюмдарыбызды, дары-дармектерди алып, кайра жарадар болгондорго баруу үчүн жолду уладык. Ал күнү биз 7-8 оор жаракат алган адамдарга жеринде жардам көрсөттүк".

Баткен райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун "Тез жардам" кызматынын айдоочусу Маматисак Эргешов ок атылып жатканда унааны жатып алып айдаганга туура келгенин айтты.

"28-апрелде биз Көк-Ташта калып калдык, 29-апрелде Аксайда да атышуу башталып, бул жакка келе жаткан элек. Жолдо бизди аскерлер токтотуп артка кайткыла дешти, биз кайтарыбыз менен эле унааны көздөй аткылай баштады. Ошол учурда унаа оодарылып кетти, унаа оодарылган абалда биз эшикти тээп ачып чыгып, качып далдоо жерге корголодук. Кийин аскерлердин унаасы келди, биз алардын унаасына отуруп алып кайра жумушту уланттык", - дейт.

Унаада көрүнгөндөй, ал оодарылып жол боюнда жаткан кезде дагы анда башка жарандар баш калкалагандай белгилер байкалгандай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zam81
2021-05-03 15:21:48
Айбандар чон согуштада медикиерге тийген эмес элего
+11
fak
2021-05-03 16:27:19
Молодцы, омурунуздорго береке берсин Аллахым!!!Куноолуулор жазасын алыш керек!!!
+8
Aiturgan9795
2021-05-03 23:41:27
Баатырлар! Рахмат сиздерге
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан