Биз социалдык тармакта

"Пенсионерлер акча чогултушту". Бишкектеги карылар үйүнүн жамааты Баткендеги жабыркагандарга гуманитардык жардам жиберишти

Борбор калаадагы карылар үйүнүн кызматкерлери жана камкордукка алынган карылар Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жапа чеккен мекендештерге гуманитардык жардам чогултушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карылар үйүнүн кызматерлери бир күндүк эмгек акыларын которушуп, пенсионерлер акча чогултушту. Мындан тышкары алар жылуу кийимдерди, төшөнчүлөрдү, тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын чогултушту.

"Алар Баткен облусунун эли менен биргеликте экенин айтып, колунан келген жардамдарын көрсөтүүгө даяр болгондорун белгилешти. Курман болгондорго терең кайгырышып, жакындарына көңүл айтышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан