Биз социалдык тармакта

Чек ара чыры: ӨКМ 3-майга карата келтирилген зыян боюнча маалымат жарыялады (тизме)

3-майга карата Баткен облусунун аймагында жабыркаган жана кыйраган турак жайлар жана имараттар боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагы боюнча:

- 30 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 Ички аскерлер имараты, Миң-Булак, Достук чек ара заставасынын имараты жабыркаган.

Лейлек району боюнча - Кулунду айыл аймагы боюнча жабыркаган жана күйгөн турак үйлөр:

- Максат айылында 11 турак үй;

- 1 Максат чек ара заставасы;

- Сада айылында 3 турак үй;

- Раззаков участкасынын Папалин айылында 2 турак үй.

Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча жабыркаган имараттар жана күйгөн турак үйлөр:

- Арка айылында 9 турак үй, 10 АЗС, 8 дүкөн;

- Достук айылында 12 турак үй;

- Борбордук айылында 11 турак үй.

Жалпы:

Лейлек району боюнча - 48 турак үй, 1 чек ара застава, 10 АЗС, 8 дүкөн.

Баткен району боюнча жабыркаган имараттар - 30 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 ИИМ имараты, 2 чек ара застава.

Жалпы Баткен облусу боюнча: 78 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС жана 8 дүкөн.

"Өзгөчө кырдаалдар министринин жетекчилиги астында түзүлгөн атайын комиссия тарабынан Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү дагы да такталууда", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан