Биз социалдык тармакта

Бишкекте адашып кеткен 3 жашар бала табылды

Бишкекте адашып жүргөн бала табылып, апасына өткөрүлдү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 102 кызматына Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей бала жоголуп кетти деген маалымат келип түшөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 2017-жылы туулган бала ойноп жүрүп жоголуп кеткендиги аныкталган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, адашып кеткен бала Токтогул жана Ибрагимов көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, апасына сак-саламат өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан