3-майда Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткан Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ошондой эле төрайым жарадар болгон аскер кызматкерлеринин ал-акыбалын сурап, алардын мекенди коргоодо тайманбас эрдик көрсөтүшкөн каармандыгын, баатырдыгын баса белгиледи.
Бакирова дарыланып жаткандардын тез арада сакайып кетишин каалап, сот тутумунун атынан акчалай жардам көрсөттү", - деп жазылган маалыматта.