Балбан Нураида Анаркулова Олимпиада оюндарына лицензия берилүүчү дүйнө мелдешине катышат

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Нураида Анаркулова 5-10-май күндөрү София шаарында өтө турган лицензиялык дүйнө мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчуну башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.
Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 4-майдан 10-майга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан София шаарына жөнөтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан