Жалал-Абад облусунда акциздик маркасы жок 4 миңден ашык таңгак тамеки табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынан тамеки продукциясын мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты.
Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркасы жок 4 миң 54 таңгак тамеки тартып алынган. Маалыматта ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөрү айтылат.