Биз социалдык тармакта

Билим берүү министрлиги: "Баткендеги окуучулар убактылуу жайгаштырылган жерлеринде окуусун улантышат"

Баткен облусундагы билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу боюнча пресс-конференция өтүүдө. Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркаган окуучулардын окуу процесстери кандайча уланарын айтты.

"Ушул жылдын 7-майына чейин калктын жашаган жерлерине кайтып баруу убактысын эске алуу менен билим берүү процессин реалдуу режимде жүргүзүү пландаштырылууда. Ал эми Лейлек районунун Максат айылындагы Максат мектебибиз күйүп кетти. Ошондуктан ал мектепте окуган 200гө жакын окуучулар ар кайсы айылдарга ар кайсы үйлөргө жайгаштырылган, бирок убактылуу жайгаштырылган жерлеринде окуу процессине тартылышат", - деп билдирди Жусупбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан