Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасына жакын айылдарга тажик тараптын кол салуусунда коопсуз жайга көчүрүлгөн соң жүрөгү кармап каза болду делген 48 жаштагы аялдын уулу Шайырбек Баянов менен байланыштык. Ал буга чейин апамдын эч жери ооручу эмес дейт.
“Негизи эл арасында апамды үйүн өрттөп салганын уккандан жүрөк оорусу кармап каза болду деген имиштер жүрүп жатат. Иш жүзүндө андай эмес, апам 30-апрелде катуу кайгыргандан улам жүрөк оорусу кармап каза болду. Тажиктер биздин үйгө тийишпептир. Келсек баары жайында экен. Апам 29-апрелде эл менен чогуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми атам эркек кишилер менен калган. Буга чейин апамдын жүрөгү ооручу эмес, жакшы эле жүрчү. Бул бизге өтө оор тийди. Үч бир тууганбыз. Бир уул, эки кыз. Жакында эле кичүү карындашымды турмушка узатканбыз. Мен бул кабарды уккандан кийин Орусиядан келдим”, - дейт ал.