Баткенде жергиликтүү тургундун үйүнөн снаряд табылды

Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айыл аймагындагы Орто-Боз айылындагы жергиликтүү тургундун үйүнөн снаряд табылды. Алгач снаярдды небереси көрүп калып, чоң апасына чуркап барган.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү журналист Арзыгүл Галымбетова билдирди.

"Снарядды алгач эже ыргытам деп жатыптыр. Мен көрүп калып бул жарылат деп айтып, түшүндүрүп, ал жакка эч кимди өткөрбөй карап турдум. Андан соң укук коргоо органдары келип алып кетишти. Эл жок жерге алып барып жардырат экен. Мага ыраазычылыгын көзүнө жаш алып билдирди", - деди Галымбетова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан