
Кытайлык өндүрүшчүлөр жалкоолор үчүн булчуңдарды жана чымыр денени реалдуу окшоштурган силикон костюм ойлоп чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, кытайлык интернет дүкөндөрдүн бири өзүнүн мыкты формасын көрсөткүсү келген, бирок гантель менен машыккысы келбегендер үчүн костюм сунуш кылган. Бул костюмду кийген адам спорт залда жок дегенде бир жыл бою катуу иштегендей таасир калтырат.