Биз социалдык тармакта

Бүгүн Токтогул суу сактагычына суунун агып келгени кыйла көбөйдү

Бүгүн, 4-майга карата Токтогул суу сактагычына суунун агып келгени кыйла көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 4-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 788 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 833 метр куб, агып чыгышы 277 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

28-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 648 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaraisyn
2021-05-04 10:31:28
Ылайым суубуз да толуп, электр энергиясынан тартыштык болбосун. Кыргыз элимди эч качан жокчулукка, тартыштыкка кириптер кылба кудай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан