ИИМ: "Милиция күнү-түнү иштөөдө. Баткенде абал туруктуу"

Бүгүн, 4-майга карата Баткендеги чек арадагы айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Учурда чек ара аймактарында абал тынч. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүп жаткан 47 тергөө тобунун ишин жана социалдык объектилерге, турак жай имараттарына, чыр-чатак учурунда бузулган башка объектилерге келтирилген чыгымдарды эсептөөнү толугу менен координациялайт. Учурда Кулунду, Максат, Арка-1, Арка-2 жана Интернационал айылдарында келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери чек араны бойлой күнү-түнү иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан