Түндө Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтында чөптөн чыккан өрттөн улам адамдар эс алуучу беседка күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-майда Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 02:25те ӨКМдан 1 куткаруу бөлүмү тартылган. Аталган өрт саат 02:34тө чектөөгө алынып, саат 02:38де толук өчүрүлгөн.