Футбол боюнча Нидерланды чемпиондугунун 31-турдук оюнунун алкагында, "Аякс" клубу "Эммен" клубун жеңип алды. Жолугушуу Амстердам шаарындагы "Йохан Круифф Арена" стадионунда болуп, 4:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.
Беттештин 10-мүнөтүндө "Аякстын" коргоочусу Юрриен Тимбер эсеп санын ачты. Биринчи бөлүктүн калган мүнөттөрүндө эсеп саны өзгөргөн жок. Экинчи бөлүктүн 61-мүнөтүндө амстердамдык клубдун чабуулчусу Себастьен Аллер гол жаратты. Душан Тадичтин чыгарып берүүсүнөн үчүнчү голду коргоочу Девин Ренс киргизди. 74-мүнөттө жарым коргоочу Дэви Классен эсеп санын 4:0гө айлантып, оюнга чекит койду.
Муну менен "Аякс" клубу 31 оюнда 79 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда Нидерланды өлкөсүнүн чемпиону аталды. Турнирдик жадыбалда экинчи орунда 64 упайы менен "ПСВ" футболдук клубу жайгашкан.
Бул чемпиондук "Аякс" футболдук клубунун тарыхындагы 35-чемпиондугу. Ал эми "ПСВ" клубу 24 жолу Нидерланды чемпиондугун жеңген.