Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Билл Гейтс 27 жыл чогуу жашаган аялы менен ажырашат

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болгон Билл Гейтс жубайы Мелинда менен ажырашат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Билл Гейтс социалдык тармактагы баракчасына: "Биз бул тууралуу көп ойлонуп, акыры ажырашуу чечимин кабыл алдык. Биз мындан ары да чогуу иштей беребиз, бирок түгөйлөр катары мамилебиз токтойт" деп жазган.

Ошондой эле Гейтс Мелинда менен 27 жыл чогуу жашап, үч баланы тарбиялаганын, дүйнө жүзү боюнча иш алып барган кайрымдуулук фондун түзгөнүн айткан. Учурда ажырашкан түгөйлөр каржы маселесин кандай чечишкени ачыкка чыга элек.

Билл Гейтс дүйнө жүзүндөгү эң бай беш адамдын бири, анын үй-бүлөсүнүн байлыгы 130 миллиард долларга бааланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adilet2014
2021-05-04 10:51:14
Билл дагы жаштарга кызыгып кетсе керек да
+1
tsunse
2021-05-04 22:08:21
...... байыса катын алат
0
algakaray
2021-05-05 01:41:22
Ушундай бай болушуна керек болсо аялынын да салымы зор болгон да. Эми акчасына чиренип козун май бастыбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан