Бүгүн, 4-май Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам, эпидемиологиялык кырдаал жана эмдөө боюнча маалымат жыйын өтүүдө.
Анда Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөө иштери кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
“29-марттан бери эмдөө кампаниясы жүрүп жатат. Статистика боюнча 33 миң 500 адам эмдөөдөн өттү. 5 миңдей мугалим, 15 миң 980 медицина кызматкери, 3 миң 800 жашы 65 жаштан өткөн адамдар, 870 мамлекеттин кызматкерлери эмдөө алышты”, - деди Ишенапысова.