Бүгүн, 4-майдан 5-майга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттешинин биринчи күндүк жооптук оюндары болот. Бүгүнкү оюн укмуштуудай кызыктуу болору көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүнө маалым.
Бүгүнкү оюнда Англиянын "Манчестер Сити" командасы өз үйүндө дагы бир күчтүү делинген Франциянын "ПСЖ" футболдук клубун кабыл алат.
"Манчестер Сити" (Англия) - "ПСЖ" (Франция);
"Этихад" стадиону (Манчестер шаары, Англия)
Башкы калыс: Бьорн Кёйперс (Нидерланды).
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Бул эки команданын алгачкы оюну 28-апрелде Париж шаарында өтүп, 1:2 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.