Тажикстан аскерлеринин аткылоосунан улам талкаланган Кыргыз өлкөсүнүн брондолгон "Chevrolet Suburban" унаасынын сүрөтү жарыяланды. Сүрөттү Бакыт Жумагулов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жарыялады.
Сүрөттө көрүнгөндөй, тажик аскерлери унаанын кузовун жана айнегин аткылашкан. Талкаланган унаа 2019- жылы Баткен облусунун коопсуздук кызматкерлерине берилген унаа экендиги белгилүү болду.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстандын кыргыз тарапка кол салуусунан улам Кыргыз өлкөсүнөн 183 адам жаракат алып, 35 адам каза болду. Бүгүн, 4-майга карата Баткенде абал туруктуу.