Баткенде облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 миллион 684 миң 805 сом каражат которулду

Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572, 931 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Анын 515 миң 81 тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилди. Дагы 57 миң 850 тоннасы кампада сакталууда. Гуманитардык жардам катары, негизинен азык-түлүк, кийим-кече, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар келүүдө.

Гуманитардык жардам көрсөткөндөрдүн катарын Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Жогорку Кеңеш, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Араб эмирликтери, “Кызыл Ай” коому, ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район-шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар, кайдыгер карабаган катардагы жарандар түзүүдө.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 миллион 684 миң 805 сом каражат которулган.

Белгилей кетсек, облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин атайын буйругу чыккан. Бул боюнча облустук комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан