"102 миң доллар". Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды"

Бишкек шаарында ири өлчөмдө алдамчылык кылууга шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 19-апрелде Октябрь райондук милициясына аял арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылдын август айынан 2021-жылдын март айына чейин 3 жаран арыз ээсине Рухий-Мурас конушунан 1 гектар жер тилкесин алып берем деп убада кылып 102 миң доллар акчасын алып, ошол бойдон из жашырып жүргөндөрүн жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, жогорудагы кылмышка шектелгендердин бири 1978-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмышка шектүү башка жарандарды издөө жана тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан