Мексиканын борбору Мехико шаарындагы метро көпүрөсүнүн кулашынан каза болгон адамдардын саны 20га жетти. Бул тууралуу Мехико шаарынын мэри Клаудиа Шейнбаумга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында жашы жете элек балдар дагы бар. Ошондой эле ооруканага түшкөн 49 адам түшкөн жана алардын жетөөсүнүн абалы оор экендиги айтылган.
Буга чейин 15ке жакын адам каза болуп, 70тен ашуун адам жаракат алганы кабарланган.
Окуя 3-май, дүйшөмбү күнү кечинде, жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:30 чамасында "Olivos" станциясынын жанындагы 12-метро линиясында болгон. Анда поезд өтүп бара жатканда метро көпүрөсү кулап түшкөн. Кырсыктын келип чыгышына унаанын конструкциянын түркүктөрүнүн бири менен кагылышуусу себеп болгон.