ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: "Кезек Токиодо". Кыргыз элинин сыймыгы болгон Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 28 жашка толду

Бүгүн, 4-майда кыргыз элинин сыймыгы болгон дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 28 жашка чыкты. Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында чоңойгон. Айсулуунун 2 эжеси, агасы жана иниси бар.

Бала кезинен спортко жакын болгон Тыныбекова 8-класска чейин баскетбол ойногонду жактырган, 9-класста таэквондо ийримине катышып, машыга баштаган. Кийин 10-классты бүткөндө күрөшкө кызыгып, машыгууларга олуттуу мамиле кылып, өзүнүн спорттук карьерасын баштаган.

2009-жылы Кыргыз курама командасынын курамына кирип, алгачкы Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болот. Андан кийин да көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. 2012-жылы Тыныбекова 19 жашында "Лондон-2021" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алып, анда, тилекке каршы, алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып, 13-орунга татыган.

2017-жылга чейин Айсулуу Тыныбекова жаштар арасындагы Азия чемпиондугун жеңип, Дүйнө чемпиондугунда жана башка ири эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырган.

Эл аралык даражадагы спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы 7 ири мелдеште байгелүү орундарга илинген. 3 жолу алтын медаль тагынып, кыргыз желегин желбиреткен. 2019-жылы 20-сентябрда Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында Айсулуу Тыныбекова болгариялык балбанды 5:3 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталган.

Дүйнө чемпиондугунан кийин токтоп калбастан Тыныбекова катары менен беделдүү деп эсептелген Түркияда жана Италияда өткөн турнирлерде алтын медаль тагынган.

Былтыр, 2020-жылдын декабрь айында Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болгон.

Учурда Айсулуу Тыныбекова быйыл өүүчү "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына кызуу даярдык көрүп жаткан маалы.

Кыргыздын атактуу спортчусу Айсулуу Тыныбекова учурда бойдок.

4-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан