Жумгалда тургундун 9 баш кой, козусун уурдап кеткенге шектелип мурда соттолуп чыккан жаран кармалды

Нарын ОИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери жана Жумгал РИИБинин кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрель күнү Жумгал РИИБине арыз келип түшкөн. Анда 30-март күнү болжол менен саат 01:00 чамасында Жумгал районунун Чаек айылынын жашоочусунун короосунун эшигин ачып кирип, жалпы 9 баш кой, козу, эчкиси белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, мурда сот жообуна тартылган Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну 1988-жылы туулган А.Т. шектүү катары кармалып, жабырлануучунун мал-жандыктарын жашыруун түрдө уурдап чыгып кеткендиги аныкталган. Азыркы учурда Жумгал РИИБи тарабынан шектүүнүн башка дагы кылмыштарга катыштыгы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шектүү Жумгал РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан