Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат жыйын болуп өттү.
Анда транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Баткенге аба каттамдар аркылуу көмөк көргөзүлгөндүгүн айтты.
"Баткен облусунда болуп өткөн Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатактын башталышынан бери аба каттамдар аркылуу ар тараптан жана ыкчам көмөк көргөзүлдү. 29-апрелден 3-майга чейин баш аягы 6 атайын каттам Баткенге жана Исфанага учурулган. Бул борттор менен жалпы 637 жүргүнчү, тагыраагы аскер адамдары, дарыгерлер, журналисттер, республикалык штабдын мүчөлөрү жана өкмөт мүчөлөрү ташылды", - деп билдирди Кайынбаев.