Индияда жапайы жаратылышта биринчи жолу COVID-19 илдети аныкталды

Индияда жапайы жаратылышта биринчи жолу COVID-19 илдети аныкталды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Хайдарабад шаарындагы зоопаркта сегиз арстан коронавируска кабылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, зоопаркта иштеген ветеринарлар апрелдин аягында арстандардан табиттин жоголушу, мурундан агуусу жана жөтөлүү сыяктуу белгилерди байкашкан. Аянты 160 чарчы метрден ашкан сафари зонасында болжол менен 10 жаштагы 12 арстан жашайт. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, төрт арстандан вирустун белгилери байкалган.

Ветеринарлар жаныбарлардын орофаринкстен үлгүлөрдү алып, Хайдарабаддагы Клеткалык жана Молекулалык Биология Борборуна жөнөтүштү. Борбордун окумуштуулары коронавируска кабылган жаныбарлар илдеттин кайсы түрү менен ооруп жаткандыгын билүү үчүн геномдун ыраатын жүргүзүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2021-05-05 01:26:11
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан