Юстиция министрлигинин жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнүнүн 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сыйлыктар тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.
"Юстиция министрлигинин атынан министр Асель Чынбаева жана анын орун басары Кынатбек Сманалиев согуш ардагерлерине фашизм менен бүткүл адамзаттын күрөшүүдө баатырдык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришип, аларга чың ден соолук, тынчтык жана жакшылык каалашты.
Белгилей кетсек, Юстиция министрлиги ардагерлер Х.Мухамеджанов, Л.Ромашкин, В.Гудкова жана башкаларды камкордукка алган", - деп жазылат маалыматта.