"Энелерди жана балдарды улуттук коргоо борборунун 3-кабатынан ыргып кеткен аял дарылоолордон соң өзүнө келип, жашап кетти" деп билдирет аталган борбордун башкы врачынын орун басары Салтанат Назаралиева.
Окуя 20-сентябрда болгон. Караколдук аял операция жолу аркылуу төрөтүлгөн.Бала ара төрөлүп, салмагы 1 килограмм 100 граммды түзгөн. Операциядан 2 күндөн соң ал аял суицидге барып (сыягы үй-бүлөлүк чатактан), 3-кабаттан секирип кеткен. Врачтар чогулуп, жабыркоочуну аман алып калуу үчүн узактыгы 6 саатка созулган операция жүргүзүшкөн. Андан кийин аялды дарылоо үчүн травматологияга которушкан.