Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева өз каалоосу менен жумуштан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Мен өз ишимди, кесиптештеримди жакшы көрөм. Мэрияда көптөгөн жакшы адамдар иштейт. Тилекке каршы, убактылуу мэрдин кызматын аркалап жаткан Бактыбек Кудайбергеновдун иштөө методуна кошула албайм. Кыйкырып, сөгүнүп жатса мен иштей албайм. Бул кызматтан аргасыз кетип жатам, мен өз ден соолугумду ойлошум керек, анткени 3 ай Кудайбергеновдун астында иштеп, нерв системам талкаланды. Шаарга кызмат кылуумду уланта берем", - деген өз кайрылуусунда Чыныбаева.