
Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузгандыгы үчүн жогорудагы унаанын айдоочусун токтотушкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 53 жаштагы жаран унааны жасалма номер менен айдап жүргөнү аныкталган. Унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилип, айдоочу Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилген.