Бүгүн, 5-майда Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттешинин жооптук оюнунда "Манчестер Сити" командасы өз үйүндө "ПСЖ" клубун кабыл алып, оюн 2:0 эсебинде аяктады.
Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 4:1 болуп, "Манчестер Сити" өз тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты. Оюндан кийин "Манчестер Сити" клубунун футболчулары турнирдин финалына чыкканын эмоция менен белгилеп, кийинүү бөлмөсүндө эмоционалдуу бийлешти.
Эми "Манчестер Сити" финалда бүгүн боло турган "Челси" - "Реал Мадрид" жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.