"Эмгек жолун Кыргыз өлкөсүндө баштаган". Азербайжандык ырчы Аслан Гусейнов каза болду

Азербайжанда Баку-Газах унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен ырчы, композитор, алып баруучу Аслан Гусейнов көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Гусейновдун апасы өткөн айдын аягында көз жумган. Москвада жашаган ырчы апасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Бакуга келген.

Авто кырсыктан каза болгон Гусейнов Имамзаде көрүстөнүнө коюлганы белгилүү болду. Пандемияга байланыштуу маркумду акыркы сапарга узатууга жакындары гана катышкан.

Азербайжан ырчысы Аслан Гусейнов эмгек жолун Кыргыз өлкөсүндө баштаган. Кыргыз өлкөсүндө түрдүү шоу программаларды, концерттерди уюштурчу. Маектеринин биринде "мени кээ бирлери кыргыз деп коюшат" деп айтканы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-05-05 21:53:07
Ырдап журчу 15жыл мурун биздин каналдарда
+1
Sajakat14
2021-05-06 09:38:35
Жаткан жери жайлуу болсун! Байкуш адамдар билбейбиз да ажал качан келээрин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан